Казакстан Кыргызстандын 5 сүт комбинатынын сүт азыктарын сатып алып баштайт. Бул тууралуу "Азаттыкка” санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын төрага орун басары Жаныбек Султанов билдирди.
Султановдун айтымында, өткөн айда Казакстан жана Орусиянын эксперттери келип Кыргызстанда өндүрүлгөн сүттүн, сүт азыктарынын сапатын көзөмөлдөн өткөрүшкөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында Казакстан “Ак сүт”, “Үмүт”, “Урсус”, “Ак-Жылга” жана “Сүт булак” комбинаттарынын азыктарын сатып алууга макул болду. Өткөн жылдын декабрь айында Бажы биримдигинин ветеринарларынын текшерүүсүнөн соң “Бишкек сүт” жана “Кант сүт” комбинаттарынан сүт азыктарын сатып алууга уруксат берилген болчу.
Казакстан Кыргызстандан былтыр октябрь айынан тарта сүт алууну токтоткон. Буга Кыргызстанда малды идентификациялоо мыйзамы кабыл алынбаганын жана өлкөдөгү санитардык-ветеринардык абалдын начардыгы жүйөө катары келтирилген. (BkA)