АКШнын баш калаасы Вашингтондун Аскерий деңиз командалык борборунда ок чыгарган куралчан адамдын аты-жөнү такталды. Ал 34 жаштагы мурдагы аскер Аарон Алексис болуп чыкты.
Алексис дүйшөмбүдө Вашингтондогу Нейви Йард аймагындагы Аскерий деңиз системаларын башкаруу кеңсесинин ичине кирип ок ачкан. Атышуу маалында 12 адам жана Алексистин өзү да каза болду. Онго жакын адам жараат алды. Кылмышкердин эмне себептен мындай кадамга барганы аныктала элек. Бул кол салууну АКШ президенти Барак Обама “ойго келгис зомбулук” деп атады.