Бүгүн Бишкектеги Коргоо министрлигинин алдындагы аскер институтунда кыргыз тил кабинети ачылат. Коргоо министрлигинен кабарлашкандай, бул кабинетти ачууга Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги жана Түрк өкмөтүнө караштуу Кызматташуу жана өнүктүрүү башкармалыгы (ТИКА) көмөктөшкөн. Кабинет кыргыз тилинде аскер кызматкерлерин даярдоого ыңгайлашкан бардык жабдыктар менен жабдылган.(BkA)