Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:45

Баткен: кутурган ит тиштеген балдар дарыланууда


Баткен облусунун Ак-Турпак айылында кутурган ит тиштеп алган үч бала ооруканада дарыланууда. Абалдары орточо.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан бүгүн маалымдашкандай, он күн мурда аталган айылдын 5, 10 жана 11 жаштагы тургундарын А.Эргешов аттуу жарандын ити тиштеп алган. Эргешов ошол эле күнү итти атып, башын Баткен ветеринардык лабораториясына алып барган. Экспертиза жыйынтыгы андан кутурма оорусун аныктаган.

Учурда Ак-Турпактын жашоочуларына райондук эпидемия борборунун адистери кутурма оорусунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG