Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:42

Ажыга зыяратчылардын алгачкы тобу учуп кетти


Бүгүн ажылык сапарга аттанган кыргызстандыктардын алгачкы тобундагы 196 адам Бишкектен Сауд Арабиясына учуп кетти. Дагы бир топ эртең Ош эл аралык аэропортунан жөнөйт. Муфтияттан кабарлашкандай, зыяратчылардын акыркы тобу 3-октябрда кетет. Жалпысынан 21 каттам аткарылат. Ажылык амалдар бүткөндөн соң зыяратчылар кайра Кыргызстанга 17-октябрдан тарта келе баштайт. Аларды “КыргызТрансАвиа” компаниясынын учактары ташууда.

Быйыл ажылык сапар үчүн Сауд Арабиясы Кыргызстанга 3 600 орун бөлгөн. Бул жылдагыга караганда 900гө аз. Саудия муну Меке шаарында ири курулуш иштери жүрүп жаткандыктан, дүйнө боюнча ажылардын санын 20 пайызга кыскартканы менен түшүндүргөн. Ажылыктын быйылкы баасы муфтият тарабынан 2300 доллар деп чечилген.

Ажылык амалдары Курман айт майрамы учурунда Сауд Арабиянын Меке жана Медина шаарларында аткарылат. Курман айт 15-октябрга белгиленген. (SE)

XS
SM
MD
LG