Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:55

УКМК: кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети уюшкан кылмыштуу топтун издөөдө жүргөн бир мүчөсүн кармаганын маалымдады. “Водолаз” деген каймана ат менен белгилүү Максат Абакировдун кылмыштуу тобунун мүчөсү делген Назарбек Коёналиев 16-сентябрь күнү атайын кызматтын өкүлдөрү тарабынан колго түшүрүлгөн. Каерден кармалганы азырынча маалымдала элек.

Коёналиевге Кылмыш-жаза кодексинин адам өлтүрүү, мыйзамсыз курал сактоо сыяктуу беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, издөөдө жүргөн. Ал 2010-жылы Бишкектеги Биринчи май райондук сотунан уюшкан кылмыштуу топторго мүчө кишилердин качып кетишин уюштургандыгы да кабарланган.

Ал азыр УКМКнын убактылуу кармоочу жайында. Тергөө амалдары жүрүп жатат.

ИИМдин маалыматы боюнча өлкөдө 4 уюшкан кылмыштуу топ бар. Быйылкы жылдын 8 айында алардын 89 мүчөсү кармалган. Министрликтин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүн башчысы Рафик Мамбеталиевдин айтымында, учурда андай топтордун мүчөсү делген 12 адам жергиликтүү кеңештерге депутат болуп шайланган. 4-сентябрда өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мекемелер аралык кеңешмеде бул жаатта жумуш солгун жүрүп жатканын сынга алган. (SE)

XS
SM
MD
LG