Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:54

Айтылуу учкуч Шимов дүйнө салды


Советтер союзунун эмгек сиңирген учкучу жана Кыргызстандын эң мыкты авиаторлорунун бири Салих Шимов бүгүн 90 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту маалымдады. Легендарлуу пилот атыккан Шимов өмүр бою кыргыз авиациясын өнүктүрүүгө салым кошкон жана Улуу Ата Мекендик согушта штурман катары татаал аскерий манёврларды аткарган.

Салих Сулайманович 1923-жылы төрөлүп, Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтуна тапшырган. 1960-жылдардын аягында англис жана француз тилдерин мыкты билген учкуч катары Африкага жөнөтүлгөн.

Кыргызстанда реактивдүү ТУ–154 учагын өздөштүрүүгө Шимовдун салымы чоң. Өлкөгө эң биринчи ТУ–154тү өзү учуруп келген. Жарандык авиацияга кошкон салымы үчүн Шимовго СССРдин эмгек сиңирген учкучу наамы 1977-жылы ыйгарылган. Салих Шимовдун өмүр баяны тууралуу “Манас” эл аралык аба майданындагы Жарандык авиация музейинде экспозиция бар. (BAz)

XS
SM
MD
LG