Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:10

Тажикстанда президенттик шайлоо өнөктүгү башталды


Учурда саясий партиялар жана коомдук уюмдар мамлекет башчылыкка талапкерлерин атап жатышат. Тажикстандын реформачыл күчтөрүнүн биримдиги оппозициянын бирдиктүү талапкери иретинде президенттикке укук коргоочу жана коомдук ишмер Ойнихол Бобоназарованы көргөзгөн.

Оппозициядагы Ислам кайра жаралуу партиясы бүгүнкү курултайында Бобоназарованын талапкерлигине колдоо көргөзүүдө. Саясий партиялардын бешөөсү шайлоого өз талапкерлерин алып чыгарын айтышкан.

Ал эми бийликтеги Элдик-демократиялык партия президенттикке кайрадан эле азыркы мамлекет башчы Эмомали Рахмонду көргөзгөнү жатат. Талапкерлер 25 күн ичинде катталуу шарттарын аткарып, кеминде 210 миң шайлоочунун колун топтошу зарыл. Президенттик шайлоо 6-ноябрга белгиленген. (UE)

XS
SM
MD
LG