Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:30

Чеченстандагы жардыруунун артында Доку Умаров турат


Бул тууралуу Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы билдирди. Аталган мекеменин Чеченстан боюнча жетекчиси Андрей Сережников жардыруу үчүн чечен козголоңчуларынын азыркы колбашчысы Доку Умаровду айыптады, бирок анын айтымында, кечээги жардырууну козголоңчулардын Сунженск канатынын колбашчысы Беслан Махаури уюштурган.

Мындан үч жыл мурда Беслан Махаури өлтүрүлдү деген кабар тараган болчу.

Кечээ Чеченстандын Сунженск районунда, полиция бекетинин сыртында бомба салынган унаанын жарылуусунан үч полицчы өлүп, төртөө жаракат алган.

Коңшу Ингушетиянын ушундай эле аталыштагы районунда полиция 200 килограммдай жардыргыч заты бар унааны токтотууга үлгүрүп, ал атышуу учурунда жарылды.

Ингушетияда кечээ полицейлер бир жанкечтини да ал өзүн-өзүн жардырганга чейин токтотууга жетишип калышты. (UE)

XS
SM
MD
LG