Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:09

“Коста Конкордиа” бир аз түздөлдү


Италияда куткаруучулар 20 айдан бери жарым-жартылай чөгүп турган “Коста Конкордиа” кемесин бир аз түздөдү. Шейшемби күнү 19 сааттык куткаруу иштеринен соң 114 миң тонналык кемени инженерлер суу толтурулган темир кутучалардын жардамы менен түздөгөнгө жетишти. Кеме толугу менен түздөлсө, эмдиги жылдын башында темир-тезек тапшырчу жайга жөнөтүлөт.

2012-жылдын январында, Тосканадагы Жили аралында 290 метрлик “Коста Конкордиа” кемеси кырсыкка учурап, натыйжада 32 адам мерт кеткен болчу.(BAz)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG