Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:28

Токмок: ачкачылык акциясына дагы үч адам кошулду


«Кыргызстан жаштар кеңеши» уюмунун мүчөлөрү Жеңиш Молдокматов жана Акыл Калматов жарыялаган ачкачылык акциясына бүгүн 3 адам кошулду. Алар ошол эле уюмдун мүчөлөрү - Келдибек Жумаев, Адилет Жылкыбаев жана Камчы Кутманалиев. Нааразылыкка чыккандар апрель окуясында ок тийип, бир топ убакыттан соң каза болгон Токмоктун тургуну Чыңгыз Султановдун үй-бүлөсүн тиешелүү камкордукка алууну талап кылышууда.

Нааразылык акциясы Токмокто 16-сентябрда башталган. Аларды Токмок шаардык мэриясы тарабынан сунушталган дарыгерлер көзөмөлдөп жатат. Активисттер ачкачылык акциясы аркылуу бийликтин көңүл бурушун максат кылууда.

Молдакматовдун “Азаттыкка” билдиришинче, тополоңдо жараат алган 33 жаштагы Султанов 2011-жылы каза болгон. Бирок анын үй-бүлөсүнө мамлекет тарабынан эч кандай жардам көрсөтүлбөй, энеси жана кызы учурда аянычтуу шартта жашап атышат. (SE)

XS
SM
MD
LG