Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Лавров менен Фабиустун Сирия боюнча пикири эки ача чыкты


Орусия жана Франция тышкы иштер министрлеринин Сирия боюнча пикири эки ача чыкты. Сергей Лавров Орусияда Сирия борбору Дамасктын жанында өткөн айда болгон химиялык чабуулду “чагым” деп атоого олуттуу негиздер бар болгонун айтса, Лорент Фабиус Франция ал чабуулга Сирия өкмөтү жоопкер деп эсептерин билдирди.

Эки министр бүгүн Москвада кездешти. Сергей Лавров Улуттар уюмунун кечээ жарыяланган баяндамасы Орусиянын 21-августта 1400дөн ашуун кишинин өмүрүн алган химиялык чабуул боюнча суроолоруна жооп бербегенин белгиледи.

БУУнун баяндамасында Сирияда химиялык курал колдонулганы ырасталган, бирок ага ким жоопкер экендиги көрсөтүлгөн эмес.

Орусия жана Франция тышкы иштер министрлери эки өлкө ортосунда Сирия жаңжаалын кантип бүтүрүү боюнча пикир келишпестиктер бар болгонун моюнга алышты, бирок тараптар сүйлөшүүлөрдү тезинен кайра жандандыруу зарылдыгын таанышат. (UE)

XS
SM
MD
LG