Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:56

Атамбаев Еврокомиссиянын төрагасы менен жолукту


Президент Алмазбек Атамбаев Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Баррозу менен жолукту. Буга чейин Европарламенттин төрагасы Мартин Шульц, Европа Кенешинин төрагасы Херман Ромпей менен жолугушууларды өткөргөн. Баррозу менен жолугушууда мыйзамдын үстөмдүгүн колдоо боюнча макулдашууга кол коюлду. Кол коюуга юстиция министри Алманбет Шыкмаматов катышты. Президент Атамбаев бүгүн Европа Биримдигинин тышкы иштер, саясат жана коопсуздук боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштон менен тамактанат. Андан соң НАТОнун башкы катчысы А. Расмуссен менен жолугат. Иш сапар эртең да уланат. (AiK)

XS
SM
MD
LG