Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:26

УКМК: Өмүралиевдин айткандары тастыкталууда


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет “Юпигейт” деп аталган чуулгандуу тасма боюнча оппозициячыл саясатчылардын дооматына жооп кайтарды.

Буга чейин саясатчылар Садыр Жапаров, Алибек Жекшенкулов жана Кубанычбек Кадыров оппозициянын пландарын ачыкка чыгарды делген Эрланбек Өмүралиев Улуттук коопсуздук комитетинин басымы алдында жалган маалымат таратканын моюнуна алганын айтып чыгышкан.

УКМК болсо бул маалыматты четке кагып, Өмүралиевдин оппозициянын пландары тууралуу өз каалоосу менен айтып бергенин билдирүүдө. Аталган кызмат бул тасманын чоо-жайы иликтенип жатканын, тасмада аты аталган айрым адамдар Өмүралиевдин айткандарын тастыктаганын да кошумчалады. Ага ылайык, тасмада оппозициянын планын ишке ашырат дегендердин бири, “Хизб-ут Тахрир” уюмунун мүчөсү делген Бактыбек Жуматаев ушул жылдын март-апрель айларында Өмүралиев ага жолугуп, аталган планды сунуш кылганын, бирок андан баш тартканын билдирген.

3-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети оппозициянын өлкөдөгү абалды курчутуу планы делген тасманы тараткан. Анда Эрланбек Өмүралиев аттуу жаран оппозиция мүчөлөрү Аликбек Жекшенкулов, Кубанычбек Кадыров, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов 8-10-сентябрь күндөрү өлкөдө башаламандык уюштурууну жана Нарын дарыясына уулуу зат кошууну пландаганын айтып берген. Оппозиция өкүлдөрү тасмада айтылган сөздөр чындыкка дал келбесин, бул бийликтин уюштурган чагымы экенин айтып чыгышкан. (BkA)

XS
SM
MD
LG