Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:11

Атамбаевдин Бельгиядагы сапары уланат


Бүгүн президент Алмазбек Атамбаевдин Бельгиядагы сапары уланат. Ал бүгүн Бельгиянын падышасы Филипп Бельгийский менен жолугат. Андан соң Бельгиянын федералдык парламентинин өкүлдөр палатасынын жана Сенаттын төрагалары расмий жолугушууларды өткөрөөрү күтүлүүдө.

Шейшембиде кыргыз президенти Европарламенттин, Еврокеңештин, Еврокомиссиянын төрагалары, Евробиримдиктин тышкы саясат, коопсуздук боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштон жана НАТОнун башкы катчысы Андерс Фог Расмуссен менен жолуккан. Анда бул уюм менен Кыргызстандын коопсуздук жаатындагы байланышы талкууланган эле. Жолугушууда Расмуссен акыркы он жылдыкта Кыргызстан НАТОнун жабдууларынын транзитин жеңилдетүү менен Ооганстанда коопсуздукту жана стабилдүүлүктү орнотууга салым кошконун билдирген.

Ошондой эле бүгүн президенттин Брюсселдин борборундагы атактуу “Маникен Пис” айкелинин жанындагы адатта чет элдик делегациялар жасачу жөрөлгөгө катышат. Атамбаев Бельгиядагы иш сапары аяктаган соң Сочиге ЖККУнун саммитине жөнөп кетет.(AiK\BkA)

XS
SM
MD
LG