Жапониядагы “Тойота” корпорациясын негиздеген үй-бүлөнүн мүчөсү, 100 жаштагы Эйдзи Тойота каза болду. Ал компанияны негиздеген Киитиро Тойотанын аталаш тууганы болчу. Эйдзи 1936-жылы автоунаа чыгарган компанияга жумушка орношкон. 1967-жылы анын президенти болуп дайындалып, 1982-жылга чейин иштеген. Бул аралыкта “Тойота” үлгүсүндөгү автоунаалар абдан көп санда чыгарылып, дүйнөлүк базарда баркы көтөрүлгөн. 100 жашка чыкканына бир жума толо элек Эйдзи Тойотанын жүрөгү кармап каза болгону айтылууда.