Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:56

Исабек Исаковго арналган көргөзмө өтүүдө


Бишкектеги Улуттук китепканада журналист, акын, балдар жазуучусу Исабек Исаковдун 80 жылдык мааракесине арналган китеп жана сүрөт көргөзмөсү өтүп жатат.

"Кайратка бек кайталангыс жылдарым, өзүң болуп өлбөс жакын ырларым" деген аталыштагы иш-чарада Исаковдун “Асыл жарга” аттуу жаңы китебинин бет ачары да болот. Бул тууралуу китепкананын басма сөз кызматынан билдиришти.

Исабек Исаков 1933-жылы 1-сентябрда Кочкор районундагы Теңдик совхозунда туулган. Балдарга арналган ырлары жана жыйнактары казак, өзбек, түркмөн, орус, белорус, украин, каракалпак, азербайжан тилдерине которулган. Бир катар чет элдик жазуучулардын чыгармаларын да кыргызчалаган.

Исабек Исаков көзү тирүүсүндө Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, «Эл агартуунун отличниги» жана Тоголок Молдо атындагы адабий сыйлыктын ээси наамдарын алган. (SE)

XS
SM
MD
LG