17-сентябрь күнү тутанган от бүгүн түшкө жакын өчүрүлдү. Тилсиз жоо кечки саат 8 жарымдарда Кызыл-Жар айылдык аймагындагы Күйөө-Таш кыштагында жайгашкан Коо-Чаты капчыгайында чыккан. Натыйжада, 30 гектар жердеги куураган чөп күйүп кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, аны өчүрүүгө жергиликтүү калктан 50 адам тартылган. Өрттүн себептери такталууда.
Аталган министрлик өткөн жумада Кыргызстандын бир топ аймактарында өрт коркунучу сакталып жатканын маалымдаган болчу. (SE)
Аталган министрлик өткөн жумада Кыргызстандын бир топ аймактарында өрт коркунучу сакталып жатканын маалымдаган болчу. (SE)