Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:21

Акундун тарапкерлеринин митинги токтоду


Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акунду колдоп митингге чыккандар нааразылык акциясын токтотконун “Азаттыкка” маалымдашты.

Алар акцияны улантууга милиция уруксат бербегенин айтышууда. Азырынча бул маалыматты тартип коргоо органдарынан да, Ак үйдөн да тастыкташа элек.
Бүгүн Ак үйдүн жанына нааразылыкка чыккандар Турсунбек Акундун күнөөсү жок экенин айтышкан. Ошондой эле Батукаевдин түрмөдөн бошоп кетишине тиешеси бар делген жогорку кызматтагы адамдар 20-сентябрга чейин жоопко тартылышын, бул талаптар аткарылбаса, өкмөт башчынын кызматтан кетишин талап кылышты.

Ушундай эле талап менен Акун 16-сентябрда мөөнөтсүз ачкачылык жарыялаган.

Парламент криминалдык чөйрөнүн "лөгү" делген Азиз Батукаевдин абактан эртелей бошонуп кетишине байлап, жайкы эс алууга кетээр алдында Турсунбек Акунду кызматтан алуу тууралуу чечим чыгарган. Бул үчүн Акун Жогорку Кеңешти сотко да берген. Жаңы Акыйкатчыны шайлоо парламентте ушул айда болот. (SE)

XS
SM
MD
LG