Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:30

Ошто оюнчуктардын зыяны талкууланат


Иш-чара эртең Ош облустук санэпидкөзөмөл борборунда өтөт. Бул тууралуу анын уюштуруучусу Жылдыз Бекбаева “Азаттыкка” маалымдады.

Талкуунун максаты Кытайда жасалган арзан оюнчуктарды сатып алууну азайтууга багытталган. Ага балдар дарыгерлери, оюнчуктар боюнча эксперттер жана журналисттер чакырылган.

Өткөн жумада Кара-Суу базарындагы оюнчуктар сатылчу жерлерге “Биом” экологиялык кыймылы журналисттер менен атайын рейд уюштурган. Анын жүрүшүндө кыймылдын адистери курамына зыяндуу химиялык заттар көп кошулган кытай оюнчуктары базарда басымдуу экенин аныкташкан.(SE)

XS
SM
MD
LG