“Бир дүйнө - Кыргызстан” фестивалынын алкагында укук коргоочу Азимжан Аскаров тууралуу тасманын көрсөтүлүшүнө айрым коомдук ишмерлер каршы болууда.
Жолборс Жоробеков, Болот Токтобаев сыяктуу саясатчылар мындай пикирлерин бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдиришти. Нааразы тарап тасма саясий өңүттө тартылган деп баалашат. Ошондой эле Ош окуясына байланыштуу кырдаал эми калыбына түшүп баратканда абалды кайра курчутат деген сындарын айтышты.
Фестивалдын уюштуруучусу Төлөкан Исмаилова мындай сынды негизсиз деп эсептеп, тасмада улуттун эмес, адамдын тагдыры жөнүндө сөз болгондуктан, фильм иш-чаранын күн тартибинен алынбай турганын билдирди.
“Азимжан Аскаров” деп аталган 15 мүнөттүк даректүү тасманы "Фридом Хаус" уюму тарткан. Тасма фестивалда 21-сентябрь күнү көрсөтүлөт.
Кыргызстандык укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылы июндагы коогалаңда улут аралык кастыкты козуткан жана милиционерди өлтүрүүгө катышкан деген айып менен өмүр бою түрмөгө кесилген. Ал өзүн акыйкатсыз соттолдум деп эсептейт.
"Бир дүйнө - Кыргызстан" адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын эл аралык фестивалы бүгүн кечинде Бишкекте башталат. (SE\ZB)