Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:45

Азербайжанда көз карандысыз журналист камалды


Азербайжандын полициясы Парвиз Гашимлини мыйзамсыз курал алып жүргөн жана маңзат сактаган деп айыптоодо. Ал кечээ Бакудагы үйү тинтилгенден кийин камакка алынган. Гашимли “Биздин жол” деген оппозициячыл гезитте иштейт.

Ушул ай башында Нью-Йорктогу “Хьюман Райтс Уотч” уюму азери бийликтерин 9-октябрдагы президенттик шайлоо алдында бийликке каршы сөз айткандардын үнүн басууга аракеттенип жатканы үчүн айыптаган.

Анын алдында Эл аралык Мунапыс уюму Азербайжан өкмөтүн оппозиция активисттерине каршы жасалма айыптардын негизинде кылмыш иштерин ачып жатканы үчүн сындаган. (UE)

XS
SM
MD
LG