Орусиянын Якутск шаарында өтүп жаткан чемпионатта Кыргызстандын намысын 9 спортчу коргоп жатат. Алардын арасында Каныбек Сагынбаев жана Канат Сыдыков сыяктуу тажрыйбалуу спортчулар бар. Кыз-келиндер арасындагы мелдешке Гүлзина Касымова менен Наталья Иванова катышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” бильярд боюнча спорт чебери Ильяс Адамов маалымдады.
Чемпионат 18-сентябрда башталган. Ага 17 өлкөнүн эки жүздөй спортчусу катышууда. Спорттук иш-чара 22-сентябрда жыйынтыкталат. (КМа)
Чемпионат 18-сентябрда башталган. Ага 17 өлкөнүн эки жүздөй спортчусу катышууда. Спорттук иш-чара 22-сентябрда жыйынтыкталат. (КМа)