Жогорку Кеңештин депутаттары адам укуктарына арналган көчмө жыйынды Ак-Суу районунда аялдардын психоневрологиялык жатак үйүндө өткөрөт. Иш-чара 20-сентябрда болот. Аны парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети уюштурууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз борборунан маалымдашты.
Жыйынга кимдер катышары жана эмне үчүн аялдардын психоневрологиялык жатак үйү тандалганы жөнүндө кошумча маалымат басма сөз кызматы тарабынан кийинчерээк берилет.
Аталган жатак үйү Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылында жайгашкан. (SE)