Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Украин өкмөтү Евробиримдик менен ассоциация келишимин жактырды


Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдагандай, Евробиримдикке ассоциация келишими өкмөттүн шаршембидеги жыйынында бир добуштан колдоо тапты.

Евробиримдиктин Украинадагы элчиси Ян Томбинскийдин айтымында, расмий Киевдин бүгүнкү чечими “өтө маанилүү кадам” жана күтүлгөндөй ноябрдагы саммитте келишимге кол коюлушу “Украина менен Евробиримдиктин жарандарынын жалпы ийгилиги болот”.

Бул аралыкта Украинанын Коммунисттик партиясы өлкөнүн Бажы союзуна кошулуусу боюнча референдум өткөрүү арызы менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылышарын жарыялашты.

Москва учурда Киевге Евробиримдик менен келишимден баш тартып, мунун ордуна Бажы союзуна кошулуусу үчүн кысым көрсөтүп жатат.

Былтыр Украинанын Евробиримдикке товар экспортунун көлөмү 12,9 миллиард еврону, ал эми Орусияга 12,3 миллиард еврону түзгөн. (UE)

XS
SM
MD
LG