Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:20

Иранда таанымал укук коргоочу жана адвокат абактан бошотулду


Насрин Сотоуде түрмөдөн бошотулганын анын жубайы социалдык түйүндөр аркылуу кабарлады. Маалыматтарга караганда, бийликтер Сотоудени түрмөдөн чыгарып жатышып, ал жазасынын калган мөөнөтүн өтөбөй турганын айтышкан. Таанымал адам укугун коргоочу жана адвокат Сотоуде 2012-жылы Европа Кеңешинин Сахаров атындагы сыйлыгын алгандардын бири.

Ал 2010-жылы бир катар, анын ичинде Ирандын улуттук коопсуздугуна каршы аракеттенген деген айып менен алты жылга кесилген. Аны менен кошо бүгүн абактан саясий айыпкер деп саналган башка бир нече аял да бошотулган.

Ирандын жаңы президенти Хасан Роухани өлкөдө байистүү саясат жүргүзүп, ирандыктардын укугун кеңейтүүнү убада кылган болчу. (UE)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG