Бириккен Улуттар уюму өз эксперттеринин Сириядагы химиялык куралдын колдонулушу боюнча баяндамасы өтө объективдүү жана талкууга коюлгус деп атады.
Улуттар Уюмунун маалымат катчысы Мартин Несирки шаршембиде бул боюнча Орусиянын сынын четке кагып, Сирияда 21-августта химиялык курал колдонулганы эч кандай күмөн жаратпашы керек деди. Ага чейин Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков Москва БУУнун Сириядагы химиялык чабуул боюнча баяндамасына нааразы экендигин айтып, аны “бир тараптуу, саясатташкан жана калыс эмес” деп баалаган.
Орусия чабуулду Батыштын аскерий кийлигишүүсүнө жол ачууну көздөгөн “чагым” деп мүнөздөп, ал үчүн козголоңчулардан шек санап жатат. Батыш өлкөлөрү болсо БУУ баяндамасы химиялык чабуул артында Сирия режими турганы далилденгенин билдиришүүдө.