Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:59

Атамбаевдин Белгиядагы сапары аяктады


Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Белгиядагы иш сапары аяктады. Президент иш сапарды жыйынтыктап жатып, анын өтө жемиштүү болгонун билдирди. Алмазбек Атамбаевдин айтымында, Евробиримдиктеги сапар мындай ийгиликтүү ал күткөн эмес.

- Европарламенттин төрагасы Кыргызстан мындан ары Европа Биримдигинин борбордук өнөктөшү экендигин айтты”, - деди Атамбаев.

Муну менен катар Евробиримдик Кыргызстандагы кезектеги парламенттик шайлоону таза өткөрүүгө көмөктөшөрү да белгилүү болду. Ал эми Евробиримдик бере турган 30 миллион евро 2013-жылдын декабрь айына чейин бир нече бөлүк менен Кыргызстанга келет.

“Азаттыктын” кабарчысынын “Эмне себептен бул жакка парламенттин спикери келген жок, парламенттик өлкөдө шайлоолорго президенттин кам көрүшү канчалык туура?”,- деген суроого президент Атамбаев ал Евробиримдикке алдын ала чакырылганын билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев Брюсселде Евробиримдиктин негизги институттарынын жетекчилери менен жолукту. Белгиядан ары ал Орусиянын Сочи шаарында өтчү Жамааттык коопсуздук жана келишим уюмунун саммитине катышат.(AiK)

XS
SM
MD
LG