Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:41

Депутаттардын жыйынына курсанттар катышууда


Жогорку Кеңеште өтүп жаткан жыйынга бүгүн Бишкектеги Калыйнур Үсөнбеков атындагы Аскер институтунун курсанттары катышууда. Алар парламенттин иши менен таанышып, жыйын жүрүшүнө көз салууда.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, бул жөрөлгө жаш аскерлердин мыйзамдарды толугураак үйрөнүүсүн шарттайт. Ошондой эле курсанттар мыйзамдарды кабыл алуу жараяндары тууралуу кеңири маалымат алышат.

Иш-чара эки тараптуу макулдашуу менен уюштурулган. (SE)

XS
SM
MD
LG