Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:55

Ошто карылардын бир айлыгы жарыяланды


Ош шаарында 20-сентябрдан 20-октябрга чейин улгайган кишилерге арналган бир айлык жарыяланды. Ал 1-октябрь – эл аралык карылар күнүнө карата уюштурулду.

Мэриянын токтомуна ылайык, бир ай бою шаардык бийлик тарабынан сунушталган юристтер карыган кишилерге акысыз кеңештерди берет. Окуу жайларда, мектептерде улгайган адамдар менен жаштардын жолугушуулары өтөт.

Андан сырткары, аймактык кеңештин төрагалары, мэрдин орунбасарлары жатак үйлөрдө жашап жаткан карылар менен жолугушат. Аз камсыз болгон үйлөрдөгү улгайган кишилерге гуманитардык жардамдар берилет.

Мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жаштар улгайгандарды сыйлоого чакырык таштаган флеш-мобдорду, кайрымдуулук акцияларды да уюштурат. (SE)

XS
SM
MD
LG