Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:17

Өзбекстанда кармалып турган вагондор коё берилди


Бул тууралуу бүгүн парламенттеги жыйында Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаев айтты.

Чек арада 22-августтан бери кармалып турган күйүүчү май жүктөлгөн 200 вагонду алып өтүү боюнча сүйлөшүүлөр сентябрдын башында башталган. Учурда 80 вагон Кыргызстанга өткөрүлдү. Калганы жакынкы күндөрү коё берилет.

Маалыматты мамлекеттик Чек ара кызматынан «Азаттыкка» тастыкташты. Вагондор эмне себептен кармалып турганы анык эмес. Кыргызстан Орусиядан күйүүчү майды республиканын түштүгүнө Өзбекстан аркылуу алып келет. (SE)

XS
SM
MD
LG