Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:41

“Бир дүйнө - Кыргызстан” фестивалында чыр чыкты


"Бир дүйнө - Кыргызстан” фестивалына каршы Бишкекте аялдар акциясы өттү. Аялдар тобу “Азимжан Аскаров” деген тасмасын көрсөтүүгө каршылык билдирип жатышат. Фестивалдын уюштуруучусу, укук коргоочу Төлөкан Исмаилованын "Азаттыкка" билдиргенине караганда аялдар үн күчөткүч аркылуу фестивалдын уюштуруучуларына "коомду бузуп жатасыңар" деп жар салууда.

Төлөкан Исмаилова топтолгон аялдар иш-чараны чагылдырып жүргөн эркин журналист Мария Колесникованын фотаппаратын тартып алып, сүрөттөрдү өчүргөнүн айтты. Бул маалыматты Колесникованын өзү да “Азаттыкка” тастыктады. Укук коргоочу Исмаилова муну саясий буйрутма деп атады.

Каршылык акциясына чыккандар эч кимдин көрсөтмөсү жок эле, өз каалоолору менен келгенин айтышууда. Окуяга көз салып турган кабарчыбыздын билдиришинче учурда акция катышуучулары тарап жатышат.

Бир күн мурда саясат таануучу Жолборс Жоробеков баштаган топ аталган тасма июнь окуясын кайра эске салып, кырдаалды курчутат деп билдирүү тараткан.

Кыргызстандык укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылы июндагы коогалаңда улут аралык кастыкты козуткан жана милиционерди өлтүрүүгө катышкан деген айып менен өмүр бою түрмөгө кесилген. Ал өзүн акыйкатсыз соттолдум деп эсептейт.

“Азимжан Аскаров” даректүү тасмасын "Фридом Хаус" уюму тарткан. 15 минуталык бул тасма фестивалда 21-сентябрь күнү көрсөтүлөт.

"Бир дүйнө - Кыргызстан" адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын эл аралык фестивалы Бишкектеги "Манас" кинотеатрынын имаратында өтүп жатат. Ал 18-сентябрда башталган. (SE)

XS
SM
MD
LG