Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:33

Сирия химиялык куралды жок кылат


Сириянын президенти Башар Асад анын өкмөтү Орусия жана АКШнын Женева сунушуна ылайык, бүт химиялык куралдарын жок кылаарын “Фокс” телеканалына айтты.

Куралдарды жок кылуу бир жылга созулуп, ага 1 миллиард доллардан ашык каражат керектелет.

Президент Асад Бириккен улуттар уюмунун “21-августта Дамасктын тегерегинде газ чабуулу болгонуна толук далил бар” деген билдирүүсүн толугу менен четке кагууда:

“Биз Гутада эч кандай химиялык курал колдонгон эмеспиз”, - деди президент Башар Асад.

АКШ Сирия өкмөтүнүн химиялык куралынан 1400 жаран каза тапканын айтып чыккан. Орусия болсо Гутадагы зарин газ чабуулун согушкерлер жасаганын билдирген. Орусия буга далилдерди Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешине тапшыраарын айткан. (BAz)

XS
SM
MD
LG