Өзбекстандын түштүгүндө педагогика университетинин бир студенти милдеттүү пахта терүү жумуштары убагында төрт курсташын бычактады. Алардын бирөө мерт кетип, үчөө жаракат алды. Кашкар-Дарыя облусунун Саламаттыкты сактоо бөлүмү окуя 16-сентябрда кодулоо айынан болгонун кабарлады. Бул Кашкар-Дарыянын пахта талаасында ушул айда болгон экинчи каргашалуу окуя. 9-сентябрда студент кыз ток зымына байкоосуз урунуп, каза тапкан.
Эл аралык укук коргоо уюмдары Өзбекстанды мектеп окучууларын жана студенттерди мажбурлап пахта тердиргенин сындап келет. (BAz)
Эл аралык укук коргоо уюмдары Өзбекстанды мектеп окучууларын жана студенттерди мажбурлап пахта тердиргенин сындап келет. (BAz)