Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:22

Токтонасыров Жогорку Кеңеште акция өткөрөт


Бүгүн укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Жогорку Кеңештин имаратынын алдында акция уюштурат. Токтонасыровдун “Азаттыкка” билдиришинче, ал өз акциясын “Репертуар” деп атаган. Анда театралдык маска тагынган укук коргоочу белгилүү чыгармалар аркылуу депутаттарды Кыргызстандагы орчундуу маселелерге көңүлүн бурдурууга аракет кылат:

- Акцияда мен колума “Абийир кечирбейт”, “Кылмыш жана жаза”, “Күнөөсүз күнөөлүүлөр” деген плакаттарды кармап турам. Анткени кайсы бир деңгээлде мен коюп жаткан маселелердин өзөгүндө бул чыгармалардын идеясы жатат. Маселен, “Кылмыш жана жаза” өтө оор кылмыш кылып, канчалаган адамдардын канына забын болгон Бакиевдерди кайтарып келип, жазага тартырууга депутаттарды көмөктөшкүлө деп чакырам. “Абийир кечирбейт” аркылуу Батукаев маселе боюнча эмнеге көрмөксөн, укмаксан болуп отурасыңар, аны мөөнөтүнөн мурда бошоткондорду жоопкерчиликке тартуу маселесин көтөрбөсөң кийин, урпактар алдында абийириңер булганат деп айткым келди, - деди Токтонасыров.

Өндүрүш Токтонасыров буга чейин бир нече жолу мындай акцияларды өткөргөн. Бирок бийликтер ага көңүл бурбаганынан улам укук коргоочу дал ушундай жол менен өз үнүн жеткирүүгө белсенген.(BkA)

XS
SM
MD
LG