Алматыда өтүп жаткан “Евразия” кинофестивалынын алкагында Кыргыз киносунун күндөрү уюштурулууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 17-сентябрдан бери Алматыда кыргызстандык режиссерлордун эң мыкты тасмалары көрсөтүлүп жатат.
Жумалык жүрүшүндө Болот Шамшиевдин “Ак кеме”, Геннадий Базаровдун “Саманчынын жолу”, Төлөмүш Океевдин “Кызыл алма” жана жаш режиссер Руслан Акундун “Салам, Нью-Йорк” тасмасы казак көрүүчүлөргө тартууланды. Жумалык бүгүн аяктайт. Бул жолку жумалык Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына арналды. (BkA)