Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:13

Иран: Роуханинин билдирүүсү талкууга түштү


Иран президенти Хасан Роуханинин өз өлкөсү эч качан өзөктүк куралды өнүктүрбөй турганы тууралуу билдирүүсүн эл аралык коомчулук талкуулап жатат. Ал шаршембиде АКШнын Эн-Би-Си телеканалына сүйлөп жатып, Ирандын Батыш менен талаштуу өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүлөргө толук укугу бар экенин айткан эле.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Жон Керри Роуханинин бул билдирүүсүн оңунан баалап, бирок муну жүзөгө ашыруу керектигин эскертти. Андан мурун НАТО төрагасы Андерс Фог Расмуссен Иран президентинин “өзөктүк куралды өнүктүрбөйбүз” деген сөзүн кубаттап чыккан. Бирок Израилдин премьер-министри Бинямин Нетаняху Роухининин мындай билдирүүсүнө ишенүүгө болбой турганын айтып, Ирандын дүйнөнү алдоого аракети катары баалады.

АКШ баштаган бир нече Батыш өлкөлөрү Иранды өзөктүк программасын согуштук максатта колдонот деп айыптап келет. Иран болсо программа тынчтык максатта гана, энергетикалык багытта иштетилерин белгилөөдө.

XS
SM
MD
LG