АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Орусия жана Кошмо Штаттардын Сирия боюнча макулдашуусун ишке ашыруу үчүн Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши “аракетке өтүшү” керектигин билдирди.
Бейшемби күнү журналисттердин алдында сүйлөп жатып, Керри Коопсуздук кеңеши Сирия химиялык куралды жок кылуу боюнча макулдашуудагы милдеттенмелерди аткарбаса, аскерий сокку урууну камтыган резолюция кабыл алышы керектигин кошумчалады. Коопсуздук кеңеши бул резолюцияны кийинки аптада карайт.
Керри 21-августта Дамаск четиндеги 1400 адамдын өмүрүн алган зарин газ чабуулун өкмөттүк күчтөр жасаганынан шек санабасын шардана кылып, бул чабуулду козголоңчулар жасашы мүмкүн деген божомолдорду четке какты.