Бишкек шаарынын 135 жылдыгына карата “Бишкек шаары” деген китеп басмадан чыкты. Ал орус жана кыргыз тилдеринде окурманга сунушталууда. Китеп тарых, учур жана келечек деген үч бөлүктөн турат. Анда борбор калаанын тарыхы, азыркы жашоосу жана келечектеги пландары макалалар жана сүрөттөр менен берилген.
Китеп мэрия кызматкерлери тарабынан архивдик материалдардын негизинде даярдалды. Бет ачары кийинки жумада болот. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык бийликтин басма сөз кызматынан маалымдашты. Бишкектин 135 жылдык мааракеси 28-сентябрга белгиленген. (SE)