Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Түлеевдин соту кийинки аптага жылды


Бишкек шаардык соту Нариман Түлеевдин доо арызын 27-сентябрда карайт. Бүгүнкүгө белгиленген сот «Тазалык» ишканасынын мурдагы жетекчиси Бакыт Сыдыковдун келбей калганына байланыштуу болбой калды. Сыдыков Түлеев менен бирге мамлекеттик бюджетке зыян келтирген деп соттолгон болчу.
Түлеевдин адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев “Азаттыкка” билдиргендей, Сыдыков бүгүнкү жараянга ден соолугуна байланыштуу катыша албады.

Бишкектин Ленин райондук соту борбор калаанын мурдагы мэри Нариман Түлеевди эки ай мурда үй-мүлкүн мамлекет пайдасына чегерүү менен 11 жылга эркинен ажыраткан.

Сот экс-мэрди Кытайдан автобустарды жана таштанды тазалоочу техникаларды сатып келүүдө мамлекеттик бюджетке зыян келтирген деп тааныган. Нариман Түлеев өкүмдү «саясий чечим» деп баалап, шаардык сотко кайрылган. (SE)

XS
SM
MD
LG