Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгы шаардагы окуу жайлардын студенттери үчүн ачык эшиктер күнүн уюштурат. Иш-чара 21-сентябрь күнү өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” башкармалыктын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Ачык эшиктер күнүн өткөрүүнүн максаты – студенттерге милициянын ишин жакындан тааныштыруу, коомдук тартипти сактоого жаштарды чакыруу болуп саналат.
Жалал-Абадда милиция акыркы жолу 2011-жылы мектеп окуучулары үчүн ачык эшиктер күнүн өткөргөн. (SE)