Жогорку Кеңештин “Республика” фракциясы өкмөт өкүлдөрү менен ушул тапта Кумтөр меморандумун талкуулап жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган фракциядан маалымдашты. Фракция депутаттары меморандум боюнча позициясын талкуудан соң коомчулукка билдирет.
Бүгүн өкмөт өкүлдөрү ушундай эле талкууну “Ата-Мекен” фракциясында да өткөрдү. “Атамекенчилер” меморандумду колдобой турганын айтышкан.
Алар бул чечимди меморандумда Кыргызстандын кызыкчылыгы толук корголбой калганы менен негиздешүүдө.
Кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” Кумтөр кенин бергелешип иштетүү боюнча меморандумду өткөн аптада сунуштаган. Ага ылайык, эки тарап 50 пайыздык үлүшкө ээ болгон биргелешкен ишкана түзүп, ага Кыргызстан жетекчилик кылмакчы. Бирок айрым саясий топтор бул келишимди сынга алып, Кыргызстан мындан да көп үлүшкө ээ болушу керектигин билдиришүүдө. (SE)