Бишкек шаардык сотунда мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акундун иши каралууда. Акун ачкачылыкта болгону үчүн сотко келген жок. Анын атынан адвокаттары катышып жатат. Окуяга көз салып жаткан кабарчыбыздын айтымында, ушул тапта сот чечим кабыл алуу үчүн кеңешүүчү бөлмөгө кирип кетти.
Акун Жогорку Кеңештин акыйкатчылыктан бошотуу боюнча токтомун жокко чыгарууну өтүнгөн. Буга чейин Бишкектин райондор аралык соту Турсунбек Акундун арызын канааттандырган эмес. Буга нааразы болгон Акун 16-cентябрда ачкачылык жарыялаган.
Ушул жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңеш Турсунбек Акунду “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин абактан эртелей бошотулушуна катышы бар деп акыйкатчылыктан бошоткон. Бул орунга сынак жарыяланып, 50дөн ашык талапкер катталган. Жогорку Кеңеш жаңы акыйкатчыны шайлоону кийинки аптада караганы жатат. (SE\ZB)