Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

“Республика” Кумтөр боюнча позициясын аныктай элек


“Республика” фракциясы Кумтөр меморандуму боюнча бир позицияга келе элек. Маселени эксперттер менен дагы бир жолу талкуулагандан соң анык бир чечим чыгарылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” фракция лидери Назарали Арипов билдирди.
Бүгүн аталган фракция депутаттары өкмөт өкүлдөрү менен Кумтөр меморандумун талкуулаган.

Өкмөт өкүлдөрү ушундай эле талкууну “Ата Мекен” фракциясында да өткөрдү. “Атамекенчилер” меморандумду колдобой турганын айтышкан. Алар меморандум боюнча Кыргызстан көп үлүшкө ээ болушу керек деген позицияны карманууда.

Кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” Кумтөр кенин бергелешип иштетүү боюнча меморандумду өткөн аптада сунуштаган. Ага ылайык, эки тарап 50 пайыздык үлүшкө ээ болгон биргелешкен ишкана түзүп, ага Кыргызстан жетекчилик кылмакчы. (SE)

XS
SM
MD
LG