Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:47

Сирия өкмөтү ок атышууну токтотууну сунуштабайт


Сирия премьер-министринин орун басары Кадри Жамил өкмөт алдыда мерчемделген тынчтык сүйлөшүүлөрүндө ок атышууну токтотууну сунуш кылууга даярдыгын бүгүн британдык “Гардиан” гезитинде жарыяланган маегинде айткан.

Сирия премьер-министринин орун басары муну менен катар өлкөдөгү жарандык согуш туңгуюкка кептелгенин, тараптардын бири да анда жеңип чыгууга кудуретсиздигин кошумчалган. Бирок Сириянын Кадри Жамил лидерлик кылган “Эл эрки” партиясы премьер-министрдин орун басарынын сөздөрү кыскартылган жана бурмаланган деп ырастап, бул үчүн “Гардиан” гезитин айыптады.

Сирия өкмөтүндө Башар Асаддын “Баас” партиясы үстөмдүк кылат. Кадри Жамил өкмөткө башка чакан партиялардан кирген эки өкүлдүн бири. (UE)

XS
SM
MD
LG