Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:57

“Гринпистин” Орусияда кармалган кемеси Мурманск портуна жеткирилет


“Артик санрайз” кемесин Мурманскты көздөй орусиялык чек арачылар коштоп алып баратышат.

“Гринпис” эл аралык уюмунун кемедеги отуздай активисти “Газпром” компаниясынын артикалык шельфде мунай казуу планына каршылык билдиришип, мунай өндүрүүчү платформага кирүүгө аракеттенишкен.

Орусия бийликтери экологдордун кадамын чагым деп баалап, кемени кармаган. Экологдордун кемеси Нидерландиянын желеги менен жүргөнүнө байланыштуу бул өлкөнүн элчилигине да нота жолдонду.

“Гринпис” орус чек арачылары алардын кемесин кармоо менен деңиз укугу жөнүндө эл аралык нормаларды бузганын айтууда. (UE)

XS
SM
MD
LG