Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:38

Турсунбек Акун Конституциялык палатага кайрылат


Бул тууралуу Турсунбек Акун “Азаттыкка” өзү билдирди:

- Батукаевдин бошотулушун иликтеген комиссиянын мага тийиштүү пункту туура эмес. Аны жокко чыгаруу боюнча эми Конституциялык палатага кайрылам. Андан ары Жогорку Сотко, эл аралык сотко барам. Эгер акыйкатчы өз укугун коргой албаса, карапайым адам эмне кылат?

20-сентябрда Бишкек шаардык соту мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акундун арызын карап, канааттандырган эмес. Акун Жогорку Кеңештин өзүн акыйкатчылыктан бошотуу боюнча токтомун жокко чыгарууну өтүнүп, сотко кайрылган болчу. Буга чейин Бишкектин райондор аралык соту Турсунбек Акундун арызын кароодон баш тарткан.

Турсунбек Акун өзүнүн акыйкатчы кызматынан мыйзамсыз бошотулганын айтып, 16-сентябрдан бери ачкачылык кармоодо. (ZKo)

XS
SM
MD
LG