Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:51

Пара бергени үчүн айыпталган жаран 2 млн. сом айып пул төлөйт

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин билдирүүсү боюнча мындай чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарды. Ага ылайык, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерине 5 миң доллар пара сунуштаган жеке ишкер Турсун Зазазиев кызмат адамына пара берген деп айыпталып, 2 млн. сом жаза айып төлөөгө милдеттендирилди.

Турсун Зазазиев өзүнүн “Вегас” казиносунда ок атуучу куралды мыйзамсыз сактап турганы үчүн кылмыш ишин козгобоону суранып, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерине 5 миң доллар пара берип жаткан жеринен кармалган.(ZKo)
XS
SM
MD
LG