АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысы Пан Ги Мун БУУ Ассамблеясынын 68-отурумунун жүрүшүндө Сирия маселесин талкуулашат. Бул тууралуу Вашингтондо АКШ мамдепартаментинин маалымат катчысынын орун басары Мари Харф журналисттерге билдирди. Бирок сүйлөшүүлөрдүн так күнү ачык айтылган жок.
Мурдараак БУУнун баш катчысы сүйлөшүүлөр 28-сентябрга болжолдонуп жатканын билдирген эле.
Мурдараак БУУнун баш катчысы сүйлөшүүлөр 28-сентябрга болжолдонуп жатканын билдирген эле.