Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:10

Пакистанда талиптердин лидери бошотулду


Пакистандын бийликтери бүгүн Ооган талиптеринин башчысы, талаа командири Абдулла Гани Барадарды бошотушту. Бул тууралуу Франс-пресс агенттигине Пакистандын Ички иштер министрлигинин өкүлү билдирди.

Пакистандын Тышкы иштер министрлиги жума күнү Барадарды бошотуу НАТОнун күчтөрү Ооганстандан чыгып кеткенден кийин андагы талиптер менен жарашууга өбөлгө болот деп маалымдаган. Ооган бийлиги да талиптер менен тынч сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзөт деген ой менен Барадардын бошотулуусун талап кылып келген.

Абдулла Барадар 2010-жылы Карачи шаарында ЦРУ менен биргеликте Пакистандын атайын күчтөрү уюштурган операция учурунда кармалган. Ал убакта Барадар Ооган талиптеринин ичиндеги номур экинчи киши катары эсептелчү.

XS
SM
MD
LG